Депутат Бакытбек Марипов социалдык тармактардагы жалган жалаа жана мазактоо үчүн кылмыш жазасын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 15-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам долбоорунда жабырлануучу тарап арыз жазышы керек экенин айтты. «Мыйзам долбоору кабыл алынганда бул арыздын негизинде административдик иш козголот», — деп кошумчалады ал.
Ал эми депутат бирөөнүн ордун алуу үчүн атайылап жалган маалыматты тараткандар болорун айтып, «алар айыпты төлөп коюп, каралоо кыла берет», деген пикирин кошумчалады.