• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

«Жалганчылар, токтоткула!». Бабанов интернетте тараган видеого жооп кайтарды

29 Тогуздун айы 2020 15:49 Бишкек Govori.TV

Буга чейин интернетте саясатчы Өмүрбек Бабановго тиешелүү делген үйдүн видеосу тараган болчу.

Көп өтпөй бул тууралуу Бабанов билдирүү жазып, видеодогу хансарай аныкы эмес экенин айтты.

“Бул үй меники эмес! Көралбас жалганчыларга айтып коёюн. Менин үйүм мындай эмес! 20 жыл мурун, 33 жашымда өзүм салган кичинекей эле үй! Ар бир айылда меникиндей үй бар! Фейкке жамынып калп айткан адам, адашып калыпмын деп жазып койсун! Ошондо Кудай кечирет”, – деп жазган Бабанов өздүк баракчасына жазды.

Количество просмотров: 5827