Москванын Твер райондук соту Казакстан жараны Владимир Чувиловго “орус армиясын дискредитациялады” деген айып менен 50 миң рубль, “пикет эрежесин бузду” деген берене менен 20 миң рубль айып пул салды. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” кабарлады.
Ошол эле маалда сот Чувиловду “миграция мыйзамын бузуу” беренеси боюнча актады. Бул беренеге ылайык, казакстандыкты депортация коркунучу күтүп турган.
Казакстан жараны Владимир Чувилов 19-июнда пикетке чыгып, бир түнгө камалган.