• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Жалпы иш» фонду шайлоого чейинки байкоолорунун жыйынтыгын жарыялады

22 Жетинин айы 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрда “Жалпы иш” коомдук фонду  28-ноябрга белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүгө узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө алдын ала отчетун жарыялады.

Маалым болгондой, жалпысынан бирдиктүү округ боюнча 21 саясий партия катталган, алардын көбү жаңы. Ал эми парламенттин башка фракцияларынын депутаттары башка партиялардын талапкерлеринин тизмесине киришкен же бир мандаттуу округдарда талапкерлигин көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 18-ноябрына карата бир мандаттуу округдар боюнча 297 талапкер катталган.

«Ош жана Талас облустарында бир дагы аял талапкер жок. Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында 20 аял талапкер бар. Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы атаандаштыктын децгээли ар бир округга жараша айырмаланат. Мисалы, Кадамжай шайлоо округу боюнча 18 талапкер, Өзгөн жана Ноокат шайлоо округдарында 2 жана 3 талапкер ат салышууда. Республика боюнча бир мандат үчүн орто эсеп менен 8 талапкер талапкерлигин коё алат»,-деди Арслан Өмүрзаков.

Байкоочулардын маалыматына ылайык өлкөдө шайлоонун алдындагы коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу тынч. Шайлоо алдындагы мезгил мурдагы шайлоо өнөктүктөрү сыяктуу эле пандемия шартында өтүп жатат.  Байкоочулар жумушсуздуктун көбөйүшүнө, тама-аш азыктарынын бааларынын өсүшүнө, Бишкектин чет жакаларында жана аймактарда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө, экологиялык кырдаалдынначарлашына байланыштуу жарандардын нааразычылыгын белгилешүүдө. Буга байланыштуу жергиликтүү митингдер болуп жатат.

Жигердүү шайлоо укуктарын ишке ашырууга кайрылсак, Фонд Форма №2 боюнча өлкө ичинде шайлоо дарегин алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууга байланышкан айрым көйгөйлөр бар экенин белгилейт. Жогорку Кеңеш жарандардын жигердүү шайлоо укугун ишке ашыруу үчүн башка мүмкүнчүлүктөрдү караш керек болчу. Форма-2нин жокко чыгарылышына байланыштуу иш жүзүндө жашаган жери каттоосу менен дал келбеген студенттер, ички мигранттар жана башка айрым категориядагы жарандар алдыдагы шайлоодо добуш бере алышпайт.

Мурунку шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу шайлоо алдындагы үгүт иши талапкерлердин жана саясий партиялардын жигердүүлүгүнүн аздыгы, көрунөө үгүт материалдарынын аздыгы, бирок социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жигердүү үгүт иштери менен мүнөздөлөт.

БШК, ЖМК жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жарандарга шайлоо тууралуу маалымат берүү иштеринин күчөтүлгөнүн белгилей кетүү керек. Бирок шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо өткөрүүнүн жаңы эрежелери менен таанышууга объективдүү убактысы аз болгон. Мыйзамды кабыл алуу менен шайлоону белгилөөнүн кыска мөөнөттөрү шайлоочуларга добуш берүү процессин, шайлоо бюллетендерин толтуруу тартибин толук түрдө түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт, өзгөчө бир шайлоо округу боюнча, бул жараксыз (бузулган) бюллетендердин санынын көбөйүү коркунучун жаратат.

Алдыда боло турган шайлоолордогу дагы бир жаңылык талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун ачыктыгынын “Финансылык ачыктык” автоматташтырылган маалымат системасын (ФА АМС) ишке киргизүү болуп саналат. 2021-жылдын 15-ноябрынан тартып система талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.

Шайлоо фонддорунун талдоосу көрсөткөндөй, эң көп шайлоо фондуна ээ болгон төрт партиянын (“Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Альянс” жана “Ынтымак”) жалпы суммасы 99,3 миллион сомду түзөт, бул калган 17 партиянын шайлоо фонддорунун жалпы суммасынан (67,6 млн. сом) ашат. Эң көп көрнөк-жарнактар, штабдар жана үгүтчүлөр беш саясий партияда байкалган: “Ата Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Альянс”, “Ынтымак” жана “Эл үмүтү”. 

Фонд тарабынан жүргүзүлгөн байкоочулардан келип түшкөн отчеттордун талдоосу көрсөткөндөй, негизинен үгүт иштеринин эрежелерин бузуу, үгүт материалдарынын бузуу байкалат. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жана шайлоочулардын добуштарын сатып алуу барган сайын татаалыраак ыкмалар менен жүргүзүлүп жатат, бул аларды аныктоону жана далилдүү база катары тастыктоону кыйындатат. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды сатып алуу үчүн үчүнчү жактар тартылып жатканы, ал эми сатып алуу көбүнчө ар кандай иш-чараларды (тойлор, куран окутуулар, мааракелер ж.б.) өткөрүү менен жаап-жашырылып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатат. 

Количество просмотров: 54