• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Жалпы иш” коомдук фонду парламенттик шайлоого жүргүзгөн байкоосу боюнча жыйынтыктоочу отчетун жарыялады

22 Чын куран 2022 15:11 Бишкек Govori.TV

«Жалпы иш» коомдук фонду 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу финалдык отчетту даярдады. Байкоо жүргузүү мөөнөтү – 2021-жылдын 29-августунан 25-декабрына чейин.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого «Жалпы иш» фонддун байкоосунун маалыматы боюнча, жалпысынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүү улуттук мыйзамдардын нормаларына жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү. Ошол эле учурда байкоо жүргүзүү процессинде чогултулган маалыматтарды комплекстүү талдоо мамлекеттик органдар тарабынан да, жарандар тарабынан да көңүл бурууну талап кылган бир катар көйгөйлөрдү көрсөтөт.


Келечекте талапкерлердин тең укуктуулук принцибин ишке ашыруу, партиялык курулушту стимулдаштыруу, аялдардын, жаштардын жана башка азыраак өкүлчүлүк болгон топтордун саясатка катышуусуна көмөктөшүү, реалдуу тандоонун пайда болушу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен байланышкан шайлоочулар жана саясий талапкерлердин ортосундагы маселелерди чечүү керек.

«Шайлоочулардын аз катышуусу олуттуу тынчсызданууну жаратат. Шайлоо системасынын өзгөрүшү да 2021-жылы өткөн бир нече шайлоолордо добуш берүүнүн төмөндөө тенденциясын жокко чыгарган жок жана шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга алып келе алган жок. Шайлоо алдындагы үгүт иштери атаандаштык менен мүнөздөлгөн, бирок, саясий партиялардын жана талапкерлердин олуттуу финансылык ресурстары теңсиз жана ачык үстөмдүгү болгон. Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө негизги эркиндиктер сакталып, добуштарды сатып алуу жана “административдик ресурсту” кыянаттык менен пайдалануу менен күрөшүү боюнча аракеттер байкалды. Жаңы шайлоо системасы жана саясий атаандаштыктын болушу шайлоочулардын аз катышуусунун тенденциясын буза алган жок. Шайлоочулардын аз катышуусу көптөгөн шайлоочулардын көңүлү калганын көрсөтүп турат», — деп айтылат маалыматта.


Фонддун маалыматы боюнча, шайлоо күнү жакшы уюштурулган жана тынч өттү. Автоматташтырылган башкаруу системасынын убактылуу иштен чыгышы УШК 30%, биометрикалык идентификациялык жабдуулар 7,3% иштен чыккан. Олуттуу көйгөйлөр шайлоо участкаларынын 6% катталып, аларда ар кандай шайлоо мыйзам бузуулары байкалган. «Жалпы иш» коомдук фонду көзөмөлдөгөн шайлоо участкаларынын 6% процедуралык мыйзам бузуулар болгон. Ар кандай себептерден улам 6% чейинки шайлоо участкаларынын протоколдору Фонддун байкоочуларына кагаз түрүндө берилбей калып, аларды сүрөткө тартууга аргасыз болгон.


Отчет тууралуу кененирээк маалыматты фонддун сайтынан тапса болот: https://www.commoncause.kg/ky/analytics/127

Количество просмотров: 76