• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү күндөрү белгилүү болду

30 Чын куран 202213:16 Бишкек Govori.TV

КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Белгиленгендей, соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 3698