• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору парламентке түштү

14 Үчтүн айы 202513:59 Бишкек Govori.TV


Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору парламентке түштү. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга коюлган. Долбоорду иштеп чыккан жумушчу топ аны «компромисттик вариант» деп атаган. ЖМК жөнүндө мыйзамдын жаңы долбоорун Маданият, маалымат, туризм министрлигинин алдында түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыкты.

Жаңы долбоордо медиа коомчулукту нааразы кылган ашыкча чектөөлөр, тыюулар жок. Мурдагы долбоордо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган интернет басылмалардын баарын текши каттоого алып, кыйкым тапкан учурда каттоосун жоюп салат деп каралган болчу.

Мурда президенттик администрация иштеп чыккан долбоор медиа коомчулуктун нааразылыгын жаратып, парламентте үч окуудан өткөнү калганда президент кайра чакыртып алган эле.

Количество просмотров: 180