Бишкек.13.12.2018.Govori.TV
Бүгүн, 13 – декабрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аймактык мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын мыктыларын сыйлады.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы маалымат таратты.
Салтанаттуу сыйлоо аземинде Азамат Жаманкулов: “- массалык маалымат каражаттары бүгүнкү күндө мамлекетибиздин өнүгүп-өсүшүнө кошуп жаткан салымы тууралуу , маалымат каражаттарынын милдети жогорулап, заманбап технологияларды колдонуу менен, кесипкөй кызматкерлер аркылуу аймактардагы акыркы жаңылыктарды мезгил талаптарына ылайык жеткирип келесиздер»,- деп баса белгилеп бардык аймактык массалык маалымат каражаттарырына ыраазычылк билдирди.
Министрлдиктин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти тарабынан мыктыларды тандоо боюнча атайын Жобо иштелип чыккан. Анын талаптарына ылайык, уюштуруучу тарабынан берилген тапшырмаларды сапатуу жана өз учурунда аткаруу, мазмууну, мекемедеги стабилдүүлүк жана ынтымак, иш алып барууга шарттардын түзүлүшү, киреше табуу, мекеменин аудитория менен байланыш түзүүсү, массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү укуктук ченемдик актыларды так аткаруу жана инвестиция тартуу жана ошондой эле бир жыл бою телеканалдарда жана гезит беттеринде жарыяланган макалалардын сапаты кароо боюнча дагы иштер жүргүзүлгөн.
Мыктылардын тизмеси:
Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгул Норузбаеванын айтымы боюнча бул уюштурулуп жаткан сынак биринчи жолу эмес. Жылына аймактык мамлекеттик телерадиокомпаниялардын, редакциялардын мыктысын аныктоо жана аларга стимул берүү максатында өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, учурда Департаментке тиешелүү 6 облустук, 1 коомдук аймактык телерадиокомпаниялары, 12 облустук, 34 райондук гезит редакциялары жана 3 балдар басылмалары бар.