• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

 «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

5 Чын куран 202414:27 Бишкек Govori.TV

12-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган «Жамийла» биринчи улуттук мюзиклинин бет ачары өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, «Жамийла» мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореографиялык, музыкалык жана вокалдык чыгармачылык айкалыштырган көркөм оюн.

Мюзикл 17-апрелге чейин сахнада коюлат.

  • Либреттонун автору жана коюучу-режиссёру — Виктор Фельд
  • Композитору- КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев
  • Ырларды жазган акын- Махаббат Молдалиева
  • Костюмдар боюнча художник-дизайнер-Дөөлөт Рысбаев
  • Хореографы- КР Эл артисти Анара Нургалиева
  • Хормейстери- КР Эл артисти Гульбара Маматова
  • Башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев
  • Видео контент- Адан Алимбеков.

Белгилей кетсек, «Жамийла» чыгармасынын жаралганына быйыл 65 жыл толот.

Теги:
Количество просмотров: 156