• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү “Жамийла” мюзиклинде болушту

17 Бугу 202412:23 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Жамийла» мюзиклинде болушту.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде коюлган мюзикл — оригиналдуу музыка, поэзия, видеоконтент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыз элинин салттуу маданияты, фольклордук, хореографиялык жана вокалдык чыгармачылыкты айкалыштырат.

Количество просмотров: 102