• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ЖАМК аскер кызматкерлери чек арада жабыркагандар үчүн кан тапшырышты

19 Аяк оона 202215:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жүздөн ашуун офицерлери, прапорщиктер, сержанттар жана катардагы жоокерлери келип, ыктыярдуу донор болушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле, Баткен районунун Кызыл-Кыя шаарындагы №43 жатак абагынын кызматкерлери жергиликтүү медициналык мекемеде кан тапшырышты.

Количество просмотров: 84