• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖАМК: Канат Сагымбаев абалы начар экенин айтып эч кимге кайрылган эмес

11 Бугу 2020 13:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майда Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум орун алды.

КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева өзунүн фейсбук баракчасына Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев бир нече күндөн бери өзүн жаман сезип жатканын, бирок ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатканын жазып чыкты.

Жолдубаева Сагымбаевден коронавирустун белгилери бар экенин жазган.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматы бул тууралуу түшүндүрмө берип, Сагымбаев абалы тууралуу эч кимге кайрылбаганын билдиришти.

«Эгер Сагымбаевдин абалы нача болсо соттук отурумга катыша алмак эмес. Себеби аны СИЗО-1ден чыгарып жатканда текшерилет. Кандайдыр бир оорунун белгилери катталса, ал даро белгилүү болмок», — деди Самат Калыков.

Ал кошумчалагандай, бул абал боюнча Канат Сагымбаев СИЗОго келгенде жолугуп, сүйлөшүп жана текшерүүдөн өткөргөн соң толук маалымат берилет.

Басма сөз катчынын айтымында, кийинки сот отуруму 18-майда өтөт.

Количество просмотров: 154