Саясатчы Садыр Жапаров 6-февралда жатак абакка которулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын башчысы Бакыт Термечиков билдирди.
Термечиковдун айтымында, Садыр Жапаров өзгөчө оор кылмышка айыпталып жаткандыктан, ага мунапыс берүү же шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу каралбайт.
Буга чейин Садыр Жапаров 6-февралдан тартып жатак абакка которулушу керектигин анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирген эле.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган. Учурда Жапаров Молдовановкада жайгашкан абакта жазасын өтөп жатат.