• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖАМК: Жапырт камалгандардын 16сы ачкачылыкты токтотту

28 Бештин айы 202213:48 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы, активисттер ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 17 адам болчу, бүгүнкү күнгө карата алардын 16сы ачкачылыгын токтотту.

«Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышкан. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлап жатканы буга чейин айтылган болчу.

Количество просмотров: 121