Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Азиз Батукаевди бошотууда Алмазбек Атамбаев жеке өзү тапшырма бергенин билдирди.
“Бул иш Атамбаевдин катыштыгы менен болгон. Экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов ушундай көрсөтмө берди”,-деди ал.
Эске салсак, бүгүн, 25-июнда парламенттин тармактык комитети экс-президентти кол тийбестик макамдан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна карата Башкы прокуратура берген бүтүмдү караган. Жыйында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттык комиссия койгон айыптардын арасынан экс-президенттин «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген кинеге катышы жок деп табылганын, калган бешөө боюнча кылмыштын белгилери бар деген бүтүм чыгарылганын жарыялады.
Парламент 20-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага күнөө коюу маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусун жактырып, аны Башкы прокуратурага жөнөткөн.
Башкы прокуратуранын Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча корутундусу ушул шаршемби же бейшембиде жалпы сессияда каралмай болду.