Өкмөттүн маалымат кызматы биздин агенттикке чыккан «Сапар Исаков Индира Жолдубаевага 250 миллион сомду эмнкге берди»,-деген макала тууралуу 250 миллион сом «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, прокуратура органдарына мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 % алуу укугу берилгендигине байланыштуу бөлүнгөнүн билдирген.

Өкмөттүн маалыматына ылайык Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылы «Альфа-Телеком» ЖАК жана «Brasfortlimited» Компаниясы ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузуу аныкталган жана жыйынтыгында 5 млрд 416 млн сом өлчөмүндөгү мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулган.Ошондой эле өкмөттүн маалымат кызматы, Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн сом бөлүнгөнүн, бул тууралуу “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирген.

Бирок, каржы министрлигинин «2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрүндө Башкы Прокуратурага бөлүнгөн каражат бюджетте бекиген каражаттан 141 миллион сомго ашык болгон. Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы болгону 47 миллион сом бөлүнүп берилгенин билдирүүдө.