Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.
ЖК депутаты Жанар Акаев менен экс-муфтий Чубак ажы Жалилов бир дасторконго олтуруп ооз ачышты. Бул тууралуу Жанар Акаев өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.
«Орозо-айлардын султаны деген сөз бар. Алтынбек Сулайманов агабыз белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов экөөбүздү ооз ачаарга чакырып, абдан жылуу баарлаштык. Элибиз терең урматтап, сыйлаган Чубак ажы агабызга да, Алтынбек агабызга да жакшы кеп-кеңеш, жылуу сөздөрү үчүн алкыш айтам. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт»,-дейт, «Эр чекишпей бекишпейт»,-дегендей, элге ак ниет кызмат кылуу максатыбыз баарыбызды бир столго, бир дасторконго бириктирет эмеспи. Жакшы ниет-жарым ырыс. Баарыңыздардын орозоңуздар кабыл болсун, өлкөбүздө ынтымак, ырашкерлик болсун»,- деп жазган эл өкүлү Жанар Акаев.
Эске салсак, Кыргызстанда жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка чейин узартуу демилгесинин айынан Аалымдар кеңешинин мүчөсү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаев кайым айтыша кеткен.
Жалилов мындай мыйзам долбоорду колдобогон депутаттарды «динге каршы чыкты» деп айыптап, «Мыйзам долбоорун колдобогон депутаттар менен бир дасторкондо отурбайм. Аларга кол берип саламдашпайм. Алардын жаназасына турбайм жана менин жаназама келип катыша турган болсо, катыштырбоону мураскерлериме осуяттаймын»,- деген.
Мындай айыптоого мыйзам долбоорго каршы добуш берген алты депутаттын ичинен депутат Жанар Акаев жооп кайтарып, Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсүн экстремисттик чакырык деп баалаган эле.