Жанар Акаев: Токтогүчүк Мамытов «Акыйкатчы» кызматына келбеши керек!
Жанар Акаев: Токтогүчүк Мамытов «Акыйкатчы» кызматына келбеши керек!
26 Аяк оона 2018 13:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе каралып жатат. Мында депутат Жанар Акаев Токон Мамытовду “Акыйкатчы” кылып шайлообону ачык эле айтты.
“Токон Мамытов Акыйкатчы болуп дайындалбашы керек, Мен түшүнбөй турам, элдин кыжырына тийген талапкерлерди кайра-кайра эле сунушталып жатканына. Мындан сырткары Акыйкатчыны шайлоо өзү акыйкат болушу керек. Комиссиялар сиздер дагы тартип сактап, көрсөтүлгөн ченемден өтпөсөнөр”,-деди Акаев.
Мындан сырткары тил алчаак акыйкатчынын элге кереги жоктугун белгилеп өттү.
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе каралып, шайлоону өткөрүү үчүн комиссия түзүлдү. Акыйкатчылыкка парламенттик фракциялар тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Акыйкатчы ошолордун арасынан тандалып алынууга тийиш.
Жаманбаева психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. …
КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан менен жолугушту. Акыйкатчылыктан …