Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканадан абакка которулду.
Маалыматка ылайык, мурунку өкмөт башчыга операция жасалган.
Сатыбалдиевдин колонияга которулганы тууралуу маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.
Эске салсак, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодо коррупцияга жол берилген деген негизде экс-премьер-министр Сапар Исаковду жана “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен. “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл үч айга, Жантөрө Сатыбалдиев жети жыл, алты айга эркинен ажыратылган.