• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

№47 түзөтүү колониясынын ордуна эмне курулат?

16 Баш оона 2022 15:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчалар камтылган турак жай комплекси курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде өткөргөн көчмө жыйынында каралды.

Буга чейин № 47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которула турганын Жазаларды аткаруу кызматы кабарлаган.

Количество просмотров: 290