КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан үч киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2566 адамга жетти. Соңку бир суткада вирус дагы 100 адамдан аныкталды. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19ду жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 983 кишиге жетти. Алардын 690у ооруканада жатат, дагы 1094 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 132 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 180 киши.
МИЛИЦИЯНЫН МАЙОРУ КАРМАЛДЫ
Бишкек шаарына караштуу Биринчи май РИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда, милициянын майору Д.М.К. кечээ, 9-сентябрда колго түштү. Аны ИИМдин Ички тергөө кызматы кармады. Тергөөчүнүн маалыматына караганда, шектүү Аламүдүн районунун тургуну А.С.А.ны алдамчылык боюнча жоопкерчиликке тарта турганын айтып, коркутуп, андан 500 доллар жана улуттук элеменеттери бар кымбат сувенир опузалаган. Аталган факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү (Пара опузалоо) менен катталды. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө уланууда.
САТЫБАЛДИЕВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ
Абактагы мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ооруканага түштү. Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда конвойлордун кайтаруусунда жатат. Анын эмнеден улам ооруканага түшкөнү айтылган жок. Эске салсак, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту жылуулук борборун модернизациялоо маалында коррупцияга жол берилген деген негизде мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.