• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Жаныбеков: Өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбойт

13 Кулжа 2022 14:39 Бишкек Govori.TV

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Бишкекте өткөн брифингдин жүрүшүндө өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбой тургандыгын убадалады.

Айыл чарба министрлигинин башчысы белгилегендей, өткөн жылы да негизги азык-түлүк товарларынын тартыштыгы болбой тургандыгына кепилдик берилген.

Ал кошумчалагандай, сапаты жагынан да, баасы жагынан да тышкы рыноктун таасирине байланыштуу Кыргызстан өз алдынча иш алып бара албайт. Буга байланыштуу Кыргызстанда бүгүнкү күндө негизги азык-түлүк товарларына болгон баалар өлкөнүн чегинен тышкары бааларга карата түзүлгөн.

“Бирок, белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанда ун, кумшекер, майга болгон баа Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанга караганда бир топ арзан. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу дан өсүмдүктөрү, картошка, май өсүмдүктөрүнүн (13%дан 19%ке чейин) өндүрүлүшүнүн көлөмү көбөйгөнүн ишеним менен айта алабыз. Мисалы, өлкө боюнча 769 миң тонна буудай керек болсо, 665 миң тоннага жакынын өзүбүздүн түшүмдөн алууну пландап жатабыз”, — деди министр.

Соңунда ал азык-түлүккө болгон баанын кескин көтөрүлбөй тургандыгын кошумчалады.

Количество просмотров: 58