• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Министр: Жумуртканы мен өндүрбөйм, жумуртканы тоок тууйт

29 Аяк оона 2023 15:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-сентябрда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйында Шайлообек Атазов айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго «Жогоруда тукум өндүрөм деп айттыңыз, тукумду кантип өндүрөсүз?» деген суроо узатты.

«Жумуртканы мен өндүрбөйм, жумуртканы тоок тууйт»,- деди миниср.

Жаныбеков Кыргызстанда жумуртка өндүрүүнүн өсүшү фабрикалардагы тооктордун санынын көбөйүшүнө байланыштуу экенин айтып, өлкөдө төрт чоң тоок фабрикасы, 20дан ашык орточо фабрикалар иш жүргүзөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 684