Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады.
Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, мурдагы айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 8 млн 454 миң сом тапкан.
Декларацияда Жаныбековдун айыл чарбалык эмес жана айыл чарбалык максаттагы бир канча жер тилкелери бар экени көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, айыл чарба министрлигинин мурдагы жетекчисинин бир нече унаалары бар – ВАЗ, ГАЗ-САЗ, УАЗ жана 5 миллион сомго баалаган Toyota Land Cruiser.
Жакын туугандарынын кирешеси тууралуу маалымат жок.
