Бүгүн, 27-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйын өткөрүп, алдыдагы иш-планы боюнча маалымат берди. Жыйында министр журанлисттердин суроолоруна жооп берди.
Жаныбековдун айтымында, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинде бир дагы тууганы иштебейт.
«Бул тармаката Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун бир дагы тууганы буга чейин иштеген эмес, мындан кийин дагы иштебейт. Бүгүнкү күндө министрликте кадрдык өзгөрүүлөр дагы болот. Буга чейин жасалган кадрдык өзгөрүүлөрдүн негизги талабы кесипкөйлүк, жөндөмдүүлүк, креативдүүлүк. Ушул менин сөзүмдү пленкага жазып, банкка салып койсоңда болот»,-деди министр.