Бишкек. 04.01.18.Govori.TV
Жаныдан оңдолуп, ишке киргизилген Бишкек- Торугарт унаа жолунун Таш –Рабат, Ак Бейит тарабына кеткен жолдорунан жарака кетип, иштен чыга баштады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
«Жаңы жасалып ишке кирген Бишкек- Торугарт жолунун айрым бир жерлери эмитеден эле жарактан чыгып жарака кете баштады. Буга ким жооп берет? Мындай сапатсыз жолдорду убагында ким кабыл алды эле?», -деп жазат Фейсбук колдонуучулары.
Алардын айтымында транспорт жол министри Жамшитбек Калилов кытай өнөктөштөр салган жолдор сапаттуу деп элди ишендиргени менен иш жүзүндө жолдор минтип иштен чыга башады.
Министр Калилов же сиздин тегерегиңиздеги адамдар алдап жатышат же сиз өзүңүз элди алдап жатасыз. Бекеринен элде кытай компаниялары атка минээрлерге пара берип коюп сапатсыз жолдорду куруп жатат деген кеп болбогондур. Андай болсо уят. Тез арада мындай жолдордун абалынан Жээнбеков менен Исаковду кабардар кылуу керек”, — дешет окурмандар.
https://www.facebook.com/naryn.tur/videos/778835518991897/