• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жаныш Бакиевдин сүрөтү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратына илинди

11 Жетинин айы 2021 17:19 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилеринин сүрөтү илинген тактаны ачуу аземи болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чарага алгачкы жетекчилер: А.Зеличенко, З.Рысалиев, Т.Бейшенбаев, А. Ботобаев, М.Исмаилов, Б. Матмусаев, М. Кулуев жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев катышкан. Бул салтанаттын алкагында ардагерлерге, офицер кызматкерлердин жубайларына сыйлыктар тапшырылган.

Милиция тараткан сүрөттө жетекчилердин тактасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси, өмүр бою сыртынан соттолгон Жаныш Бакиевдин сүрөтү дагы илингенин көрүүгө болот.

Кошумчалай кетсек, Жаныш Бакиев – качкын президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Жаныш Бакиевге 2013-жылы сыртынан өмүр бою кесилген. 

Количество просмотров: 926