• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Жапаров 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду

19 Үчтүн айы 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.
2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд сомду жана 312,2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 миллиард сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДПга карата 0,8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 миллиард сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатканын белгилей кетүү керек.

Количество просмотров: 254