• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Ак үйдү калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом каражат керек

22 Тогуздун айы 2020 18:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сом каражат керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдыга төңкөрүштө Ак үй талкаланганда, аны оңдоого 380 миллион сом кеткен.

«Ак үйдүн айланасына дарбаза курчалгандан бери мамлекет балээден арылбай койду, аны алып салуу керек. Ак үйдө түшкө чейин депутаттар иштесек, түштөн кийин эл саякат кылып чыкса боло тургандай кылыш керек»,-деди Жапаров.

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Анда имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.


Количество просмотров: 1379