• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Акаев мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот

17 Үчтүн айы 2022 16:12 Бишкек Govori.TV

Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Вечерний Бишкек» редакциясына берген маегинде билдирген.

«Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула»,-деп билдирген Жапаров.

Количество просмотров: 2596