• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Жапаров Астанада өтүп жаткан КМШ МБК жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат

14 Тогуздун айы 202210:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) жыйынына, “Борбордук Азия – Россия” саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

КМШ МБК жыйыны УТРК, республикалык жана облустук каналдардын, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Түз эфир Бишкек убактысы боюнча саат 12:30да башталат.

Количество просмотров: 74