Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына билдирүү жазып, Кыргызстанда автотранспортко салыкты толугу менен жоюу боюнча тапшырма берип, жарлыкка кол койгонун билдирди.
Ал мындай чечим “Жол фонду жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргени менен байланыштырды. Ага ылайык, ушул жылдын 1-январынан тартып бензин жана дизел майынын ар бир литрине кошумча 1 сом төлөнөт. Андан түшкөн каражат Жол фондуна түшөт жана автоунаа жолдорун оңдоого, салууга жана реконструкциялоого пайдаланылат.
“2025-жылдын 1-январына чейин автотранспортко салык төлөбөй келген жарандарыбызды да салыктан бошотуу (амнистия) боюнча тапшырма бердим. Бул салыктын түрүн төлөбөй жүргөндөр ого эле көп экен. Мамлекет үчүн канчалык оор болсо да баарын кечтик. 2022-жылдын 1-январына чейинки юридикалык жана жеке ишкерлердин болгон карыздарын да кечтик (2022-жылдын 1-январына чейинки салыктар текшерилбейт)”, — деп жазды президент.
Мындан тышкары дыйкандарды жер салыгынан бошотуу боюнча мораторий 2030-жылга чейин узартылды.
Ошону менен катар президент элди салыкты өз убагында төлөөгө чакырды.