• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров БА өлкөлөрүн жана КЭРди жалпы күч-аракеттерин Афганстанда тынчтыкты орнотуу үчүн жумшоого чакырды

25 Үчтүн айы 202217:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров БА өлкөлөрүн жана КЭРди жалпы күч-аракеттерин Афганстанда бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу үчүн жумшоого чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

«Биз жалпы күч-аракетибизди көптөн бери азап чегип жаткан афган жеринде мүмкүн болушунча тез арада бекем жана узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга багыттайбыз деп ишенем. Афганстандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу зарыл деп эсептейм», — деп билдирди бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн форматтагы саммитинде.

Мамлекет башчысы Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле аймактык жана глобалдык коопсуздук системасынын негизги көйгөйүнө айланган Афганстандагы оор аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирерин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Кытайдын кызыкчылыктары үчүн учурдагы күн тартибинин бир катар актуалдуу маселелери боюнча Афганстандын жаңы бийликтери менен келечектеги диалогго жана өз ара аракеттенүүгө негиз түзүү маанилүү», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Садыр Жапаров Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун антитеррордук иш-чараларына катышууга, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана жамааттык операциялардын алкагында өз ара аракеттенүүгө артыкчылык берерин белгиледи.

Мамлекет башчысы саммиттин катышуучуларынын кызматташтыгынын негизги багыттарынын бири терроризм жана экстремизм менен күрөшүү болуп саналарын белгиледи.

Количество просмотров: 112