• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Жапаров: Баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт

9 Жалган куран 2022 19:38 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Урматтуу мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү! Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алпарат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек. Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз. Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак. Мен өткөндө Министрлер кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккандыгын айттым эле. Албетте, биздин биринчи приоритетибиз — экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, „кылдан кыйкым издебей“, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат. Мына бүгүн «Кумтөр» маселесин колдоп бердиңиздер, терең ыраазчылык билдирем. Алдыда дагы бир топ маселелер — мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Аларды дагы сиздерге алып келебиз. Сиздер менен биргеликте коркпой, эки жакты карап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылууну  уланта беребиз»,-деди ал.

Количество просмотров: 773