• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров: Бардык мал базарлардын аймагына асфальт төшөңүздөр

24 Жалган куран 2022 13:04 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери менен кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Жапаров учурда региондордун финансылык өз алдынчалуулугуна өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген.

«Министрлер Кабинетинин чечими менен керектелген электр энергиясы боюнча милдеттенмелер жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которулуп, ар бир облуста жетиштүү уставдык капиталы бар өнүктүрүү фонддору түзүлүп, айыл өкмөттөрдүн ыйгарым укуктары кеңейтилди. Болгону таза иштеш керек. Жер-жерлердеги элдин турмушунун сапатын аныктоочу эн маанилүү жана курч көйгөйлөрдү чечүү сиздердин колунуздарда», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, социалдык инфраструктураны өркүндөтүү, аймактарды көрктөндүрүү, айыл чарба өндүрүшчүлөрүн үрөн жана жер семирткичтер менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулушу керек.

«Фермерлерге болгону сапаттуу үрөн сатып алууга мүмкүндүк берүү, бардык ирригациялык тармактарды жана сугат каналдарды даярдоо керек. Бул мамлекеттин жарандарды колдоо боюнча милдети. Ар бир кайрылууну жеке көзөмөлүңүздөргө алып, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр өз учурунда жана сапаттуу көрсөтүлүшүнө басым коюңуздар. Орчундуу көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун калк менен түздөн-түз талкуулап, ар бир кадамыңыздар элдин көз алдында ачык болушу керек. Ушундай жол менен гана калктын аткаруу бийлик органдарына болгон ишенимин актай алабыз», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Ошондой эле ал иш күндөрү бодо малды жана майда мал-жандыктарды сатууну токтотуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин демилгесин сынга алды.

«Эмне үчүн элди оокат кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатасыңар. Базарларда шарт түзүүнүн ордуна, сооданы таптакыр жокко чыгаруу туура эмес. Бардык мал базарлардын аймагына асфальт төшөңүздөр. Жаздын келиши менен ал жердеги ылайдан жүрүү мүмкүн эмес болуп калат. Бирок элдин айласы жок, ушундай антисанитардык шарттарда иштөөгө туура келүүдө. Ошондуктан аймактардагы бардык мал базарларды иретке келтирүү зарыл. Келиңиздер, ишибизди чын ыкыласбыз менен аткарып, мекендештерибиздин көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берели», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 788