• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Жапаров Башкы прокурор менен Экология министрине сөгүш берди

24 Чын куран 2024 12:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, КР Президентинин Администрациясынын комиссиясы Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын айрым кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында белгиленгендей, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактылар тастыкталганын билдирди. 
 
Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялады. 
 
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Башкы прокурордун орун басары Адил уулу Кубанды ээлеген кызматынан бошотуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси М.Э. Майтпасовго жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын экология жаатындагы ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А.М. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды.  
 
Маалымат үчүн: 
 
Комиссиянын курамына Президенттин Администрациясынын төмөндөгү кызматкерлери кирди: 
 
Мурат Укушов – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги; 
Осмонов Азамат – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги; 
Нурлан Сулайманкулов – Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; 
Азамат Апсатаров – Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы.

Количество просмотров: 106