• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров ЖАМК төрагасы Кожошевге сөгүш берди

24 Теке 202520:19 Бишкек Govori.TV

Жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Кожошев Чынгыз Эргешбаевичке сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Маалыматка ылайык, тартиптик жаза укук тартибин камсыздоого тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана аскер кызматкерлеринин өз жанын кыюусу түрүндөгү оор кесепеттерге алып келген өздүк курамдын арасындагы уставдык эмес мамилелердин алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрбөгөндүгү үчүн берилди.

Количество просмотров: 284