Баткен жана Лейлек районундагы чек арачылар мындан ары 76 миң сомго жакын айлык алат. Бул тууралуу иш сапары менен Баткен облусунда жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
“Аталган эки райондо кызмат өтөгөндөрдүн маянасына эки коэффициент кошулду, демек, Баткен жаан Лейлек районундагы чек арачылар 76 миң сомго жакын маяна алышат”, — дейт ал.