• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Жапаров Бекбосун Апсатаровду жаңы кызматка дайындады

6 Аяк оона 202217:58 Бишкек Govori.TV

Бекбосун Апсатаров Президенттин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Кошумчалай кетсек, Апсатаров УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп, кийин башка кызматка которулган.

Количество просмотров: 6984