• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров бир катар жетекчилерди дисциплинардык жазага тартты (тизме)

19 Баш оона 2022 18:20 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бир катар кызматтык адамдарга дисциплинардык жаза чараларын колдонду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билирдет.

Мамлекет башчысынын тескемесине ылайык, КР Эмгек кодексинин 146-статьясына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн:

– берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн КР транспорт жана коммуникациялар министри Осоев Эркинбек Арстанбековичке сөгүш берилди;

– “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” КР президентинин жарлыгын ишке ашыруудагы кемчиликтери үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке – президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Жумагазиев Канат Сагыновичке – Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги;

Термеев Руслан Качкынбаевичке – Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл региондук башкармалыгынын начальниги.

Количество просмотров: 4588