• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров үч мамлекеттин темир жол долбоору 2023-жылы башталарын айтты

9 Кулжа 2022 9:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2023-жылы башталышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-июнда Жалал-Абад облусунда Токтогул районунун тургундары менен жолугушууда айтты.

«Азыр техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Быйыл күзгө чейин бүтүп калса, эмдиги жылы бул жол да башталат. Эгерде үч мамлекет катышып, тынымсыз иштесе, бул жол үч-төрт жылда бүтөт. Бул да ушул «Камбар-Ата-1», «Кумтөр» экөө бере турган кирешеден кем эмес киреше табат, 200 млн. доллардан кем эмес киреше берет», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолдун курулушу быйыл күзүндө башталышы мүмкүн экенин 20-майда өкмөттүн жыйынында айткан.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 2000-жылдардын башында айтылып, бирок андан бери ал ишке ашпай келет.

2017-жылы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлүп, долбоорду ишке ашыруунун үч түрдүү варианты каралып жатканы маалымдалган.

Количество просмотров: 77