• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров чек ара чырында курман болгон Каратаевдин үй-бүлөсүнө унаа белек кылды

16 Жалган куран 2022 17:44 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда тажик аскерлеринин огунан курман болгон Мамасалы Каратаевдин үй-бүлөсүнө президент Садыр Жапаров унаа белек кылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчынын атынан берилген унааны президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырды.

Облус башчысы маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, ар дайым мамлекет тарабынан тиешелүү жардамдар мындан ары да берилип, көзөмөлдө болорун билдирди.

Белгилей кетсек, чек ара окуясында курман болгон М. Каратаевдин унаасы талкаланган. Маркумдун уулу буга чейин атасынын унаасын калыбына келтирип, айдагысы келгендиги боюнча кайрылуу жасаган. Өлкө башчысы маркумдун уулунун кайрылуусун угуп, анын үй-бүлөсүнө унаа тапшырды. Президентке Каратаевдин үй-бүлөсү өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

М. Каратаевдин үй-бүлөсү учурда чек ара окуясында каза болгон жарандар үчүн курулган Мадина шаарчасында жашайт. Маркумдун артында жубайы жана 6 баласы калган.

Количество просмотров: 331