• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров дипломаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады

24 Тогуздун айы 2022 9:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда, өлкөнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз Республикасы ар дайым көз карандысыз, ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясатты карманып келген жана мындан ары да карманат.

Азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар тутумуна олуттуу таасирин тийгизүүдө.

Дүйнө мурда калыптанып калган тартипке коркунуч келе турган бир башаламан процесске кирди. Эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсыздануусунун белгилери ачык байкалууда, коопсуздукка жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда.

Ушундай татаал шарттарда Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого өз күч-аракетин багыттуу жумшап жатат. Ушуга байланыштуу негизги роль алдыңкы катарда турган дипломатиялык кызмат органдарына – сиздерге жүктөлгөн.

Сиздердин аракетиңиздердин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар түзүлүүдө.

Өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу багытындагы сиздер жүргүзүп жаткан экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ.

Улуттук кызыкчылыктарды татыктуу жактап, өлкөнүн эл аралык абыроюн чыңдоого зор салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетип, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктары менен кызыкчылыктары үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер.
Мына ушундай эл аралык айдыңдагы Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого багытталган иш-аракеттериңиздер үчүн ыраазычылык билдирем!

Сиздер мындан ары дагы элибиздин бакубаттуулугу үчүн кесипкөйлүк, өз ишине берилүү менен талыкпай эмгектене бересиздер деп терең ишенем.

Ошону менен бирге өздөрүнүн бай тажрыйбасы жана терең билимин жаш адистер менен бөлүшүп, нагыз дипломаттар муунунун улануусун камсыз кылып жаткан дипломатиялык кызматтын ардактуу ардагерлеринин эмгегин да жогору баалайбыз. Сиздерге дагы терең ыраазычылык!

Урматтуу дипломаттар, дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!

Кыргызстандын дипломатия кызматынын бардык кызматкерлерине бекем ден соолук, кажыбас кайрат, иштерине албан-албан жетишкендиктерди каалайм!

Ата Мекенге ак кызмат кылуу жолундагы бардык кадамдарыңардын ишке ашуусуна тилектешмин!».

Количество просмотров: 82