• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Жапаров “Эл үмүтү” стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту

26 Баш оона 202417:37 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2025-окуу жылы үчүн КР Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин сайтында маалымдалат.

Маалыматта айтылгандай, Жапаров стипендианттарды президенттик стипендияга ээ болушу менен куттуктап, бул алардын талыкпаган эмгеги үчүн берилген татыктуу сыйлык гана эмес, ишенимдин жана жоопкерчиликтин белгиси экенине токтолду.

Ал ошондой эле, президентинин демилгеси менен түзүлгөн стипендия дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларында билим алууга, алдыңкы изилдөөлөргө жана долбоорлорго катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берээрин кошумчалады.

“Сиздер улутубуздун өнүгүүсүн аныктай турган келечектеги лидер жана кесипкөй адиссиздер. Мекениңизге жаңы билим, идея жана тажрыйба менен кайтып, алган билимиңиздер менен өлкөбүздү чыңдап, өнүктүрүшүңүздөрдү күтөбүз. Окууларыңыздарга, илимий ачылыштарга жана алдыга койгон максаттарыңыздарга жетишиңиздерге тилектешмин”, – деген Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун соңунда президенттик стипендияны тапшыруу аземи болду.

“Эл үмүтү” стипендиясы алгач 2022-жылы 8 стипендиантка ыйгарылса, 2023-жылы 11 адам алган, 2024-жылы 149 талапкердин ичинен 27 адам стипендиант болду.

Количество просмотров: 59