• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров энергетиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

22 Бештин айы 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-декабрда, энергетика тармагынын кызматкерлерин Энергетиктер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу энергетиктер жана энергетика тармагынын ардагерлери!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Энергетика – өлкөнүн өнүгүшүн шарттаган тармактардын сап башында турат. Мамлекеттин экономикасынын жогорулашына, калктын жашоо шартынын жакшырышына, өнөр жай, завод, фабрикалардын иштешине эң негизги өбөлгө болуп эсептелет.

Акыркы жылдары энергетика тармагында алдыга карай чоң жылыштар башталды.

Мамлекет бул тармакка өзгөчө көңүл буруп, өлкөбүздүн электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен Кыргызстанды электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөлөрдүн катарына кошуу максатында энергетикага “өзгөчө кырдаал режимин” киргизген.

Ат-Башы ГЭСи жана Токтогул ГЭСинин эки гидроагрегаты ийгиликтүү реконструкцияланды жана Үч-Коргон ГЭСте реконструкция иштери башталууда. Муну менен ГЭСтердин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга чейин узартылып, кубаттуулугу көбөйдү. Ири ГЭСтерден тарыхый долбоор катары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча даярдык иштери алгылыктуу жүргүзүлүүдө. Кудай буюрса, жакынкы мезгилдерде жаңы курулган бир нече чакан ГЭСтер ишке кирет.

Мындан тышкары, учурда генерацияны көбөйтүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу максатында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууга шарт түзүлдү. Мындай ири долбоорлордун катарын Чаткал, Көкөмерен жана Сары-Жаз каскад ГЭСтери жана чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары толуктайт.

Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл энергетика тармагы атайын техника жана жабдуулар менен көбүрөөк жабдылып, калкты үзгүлтүксүз электр кубаты менен камсыздоого чоң күч-аракеттер көрүлүүдө. Мунун баарын энергетиктердин күн-түн дебей бел чечпеген эмгегинин үзүрү катары баалоого болот.

Бизге кубаттуулугу 3500 МВт болгон электр станцияларын мурас катары калтырган энергетика тармагынын ардагерлерине да ыраазычылык билдире кетейин. Энергетика тармагынын ардагерлери убагында эл камы деп жан үрөп, бул тармактын өркүндөшүнө өмүрүн арнашкан. Алардын кыраакылыгынын, билиминин, мол тажрыйбасынын аркасында бүгүнкү күндө өлкөбүз мыкты адистерден куру эмес.

Алдынкы үч жыл аралыгында жаңы технологиялар менен заманбап электр станцияларын куруп, кубаттуулукту көтөрүп, энергетикалык көз карандылыктан арылабыз деген үмүтүм чоң. Мунун баары кесипкөй, намыскөй, эрки күчтүү, күнү-түнү ысык-суукка карабай эл камын ойлогон энергетиктердин аркасы менен ишке ашат деп ишенем!

Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм. Элге тартуулаган жарык менен жылуулугуңуздар сиздерге эселеп кайтып келсин. Эмгегиңиздер акталып, элдин батасына ээ болуңуздар!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм”.

Количество просмотров: 88