• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

10 Теке 20229:58 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 9-июлда, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана эки тараптуу мамилелердин келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, Түркия лидери менен анын жакындарына ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган дагы Садыр Жапаровду ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап жана боордош кыргыз элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Количество просмотров: 422