Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өттү.
Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган футболдук беттеш борбор калаадагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда жүрдү.
Оюндун 5-мүнөтүндө Кыргызстандын курамасынын чабуулчусу Садыр Жапаров гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми 26-мүнөтүндө КМШнын командасынын оюнчусу Никита Баженов эсепти 1:1ге өзгөрткөнгө жетишти. Биринчи тайм тең чыгуу менен аяктады.
Экинчи тамдын 37-мүнөтүндө КМШнын курамасынын оюнчусу Андрей Тихонов бир гол киргизсе, 42-мүнөттө Дмитрий Аленичев эсепти 3:1ге айлантты. Оюндун 45-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Айбек Бокоев гол жаратты.
Беттештин акыркы мүнөттөрүндө Садыр Жапаров эсепти 3:3кө өзгөрттү. Оюн тең чыгуу менен бүттү.
Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин беттешинин өзгөчөлүгү болуп, оюн 30 мүнөттөн эки таймда өттү.