Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, салыкты төлөтүү иши активдүү түрдө ишке ашырылат деген пикирн айтты.
Анын айтымында чет элдик ишкерлер салыкты толугу менен төлөөсү керек.
«Биз салык төлөтүү маселесин толугу менен көзөмөлгө алабыз жана төлөтөбүз. Ар бир ишкер өз бизнеси үчүн салыгын да төлөөсү керек да. Азыр Бишкек менен Ош шаарын түрө кыдырып салык төлөөчүлөр менен сүйлөшүп, эскертүү берип жатабыз. Эгер өз каалоосу менен мыйзамга баш ийип салык төксө мамлекет тарабынан да колдоо болот», — деди Жапаров.