• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров Кара-Кечеде көмүр казууну көзөмөлдөдү

11 Аяк оона 2022 13:39 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштетилип жаткан Кара-Кече күрөң көмүр кенинин «Борбордук» участкасында болду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал өндүрүштүк иштердин жүрүшү менен таанышып, жумушчу кеңешме өткөрүп, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берди.

«Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык кынтыксыз болушу керек. Бекитилген план боюнча «Кыргызкөмүр» ишканасы 2 677,0 миң тонна көмүр өндүрүп, камдашы керек. Андыктан өндүрүштүк иштер толук көлөмдө жүргүзүлүп, көмүр ташуу үзгүлтүксүз болушу керек. Мындан тышкары, карьерде коопсуздук эрежелерин сактоо, тоо-тек үймөгүнүн кесепетинен аварияларга жол бербөө маанилүү. Бул багытта “Кумтөр” ишканасынын тажрыйбасын пайдалансаңыздар болот, биз тиешелүү байкоочу шаймандарды сатып алууга каражат бөлүүгө даярбыз» , — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Жумгал районунун тургундарын өздүк баада көмүр менен камсыз кылууну тапшырды.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта Бишкек шаарынын ЖЭБине, ошондой эле калкка, бюджеттик мекемелерге көмүр ташыла баштаган. Ишкана күнүнө 5,5 миң тоннага жакын көмүр жүктөөдө.

Количество просмотров: 130