• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров: Ким жөлөк пул алып жатса бүт барын телевидениеге чыгарабыз

21 Жетинин айы 2023 12:47 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети жашоо деңгээли төмөн үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн Кытайдын методологиясын колдонууну чечти. Бул тууралуу 20-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, мындан ары жөлөк пул алган жарандардын үйү, унаасы менен сүрөткө тартып жарыялап турушат.

«Бизде 3 күн Кытайдын премьер-министри конок болду. Ошол убакытта алардын методологиясын билгенге чоң мүмкүнчүлүк болду. Анткени биз Дүйнөлүк банктын методологиясын колдонуп келебиз, ал боюнча биздики бүт эле жакыр да. 1,5 миллион унаа бар, бирок баары эле жакыр. Биз Кытай Эл Республикасынын методологиясы жөнүндө сурап көрсөк, алар ар бир үйдү сүрөткө тартып, үйдүн кирешесин көрүп анан ошол үй-бүлөлөргө жардам берет экен. Биз азыр ошого өтүп жатабыз. Жумушсуздуктун да методологиясын ушу Кытайдыкындай кылып өзгөртүп жатабыз. 3 айдан ашык туруктуу айлык ала турган болсо анда бул жумушсуздуктан чыгат экен.

Азыр жанагы 212 миң үй-бүлө сүрөткө тартылып, маалыматтарды тактап бүтурдүк. Эгер ким «кедеймин» десе, аны да ошол сүрөткө тартып алабыз. Бизде жөлөк пулдар абдан көбөйдү», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 488